Кытайда Африка чочко эпидемиясы

Кытайдын эки башка аймагындагы чочко фермасында Африка чочко эпидемиясынын чыккандыгы аныкталды.

1151943
Кытайда Африка чочко эпидемиясы

Кытайдын эки башка аймагындагы чочко фермасында Африка чочко эпидемиясынын чыккандыгы аныкталды.

Дыйканчылык жана айыл иштери министрлигинен берилген маалыматта бирөөсү Хыбей аймагынын Баодинг шаарына караштуу Шүхуи аймагында 5 миң 600, бирөөсү  ички Монголия автономиялуу аймагынын түндүгүндөгү бир фермада 222 чочкодо Африка чочко тумоосунун бар экендиги белгиленди.

Ички Монголиядагы фермада 222 чочкодон 210ну тумоодон жок болду.

Шүхуидеги фермада канча чочконун жок болгондугуна байланыштуу маалымат берилбестен, эки аймактагы фермалар карантинага алынды. Эпидемиядан таасирленген чочколор жок кылынды.

Кытайда өткөн жумада продукцияларында чочко эпидемиясы  бар деген шектенүү менен 11 тамак  - аш фирмасына карата териштирүү баштатылган болчу. Фирмалар бул окуя боюнча продукцияларын базардан чыгарышкандарын билдиришкен.

Өлкөдө ноябрь айында 20 аймак жана 47 шаарда чыккан эпидемиядан улам 600 миң чочконун жок кылынгандыгы белгиленген.

Биринчи жолу август айында чыккан эпидемия өлкөдө ал күндөн бери жүздөн ашуун эпидемия оорулуусу аныкталды.

2007- жылы Грузияда чыккан Африка чочко эпидемиясы 2014 -  жылга чейин Украина, Польша жана Чехиядагы жапайы чочколордо чыккан. Жогорку даражада жугуштуу өзгөчөлүгү болгон чочко эпидемиясы адамдарга өтпөйт.



Тектеш кабарлар