Гитлерден пенсия айлыгын алган бельгиялыктар

Согуш учурунда да Германияда иштегенге мажбур болгон бельгиялыктарга Германия компенсация төлөгөн.

1152158
Гитлерден пенсия айлыгын алган бельгиялыктар

 Экинчи дүйнөлүк согушунда Бельгияны басып алган Германиянын канцлери Адольф Гитлердин Германия менен кызматташкан бельгиялыктарга пенсия бергендиги белгиленди.

Бельгия парламенти азыркы күндө азыр да 22 бельгиялыктын Германиядан «берилгендик жана баш ийүүчүлүк»  үчүн пенсия алгандыгын ортого чыгарды.

Бельгия өкмөтүнүн немис мекемелеринен пенсия алгандардын тизмесин талап кылары жана дипломатиялык кыймыл кылышарын билдирди.

DéFi партиясынын лидери Оливье Мейнген : «Бельгия өкмөтү бардык кызматташкандардын баарынын тизмесин талап кылышы керек. Пенсия айлыгынын төлөнүшү акырына чыгышы керек»,- деди.

Бир тараптан согуштан кийин Германиянын пенсия айлыгын алгандардын тизмесин Бельгия менен бөлүшүүнү четке каккандыгы бидирилди.

Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин 80 миңге жакын киши Бельгия соттору тарабынан душман менен кызматташтык түзүү менен күнөөлөнгөн. Бирок абакта жаткандардан кээ бирлеринин Адольф Гитлер тарабынан кол коюлган жарлыктан пайдалануу менен абакта жаткан убакыттын ичинде  Германиядан пенсия айлыгын алгандыгы ортого чыкты.

Согуш учурунда да Германияда иштегенге мажбур болгон бельгиялыктарга Германия компенсация төлөгөн.



Тектеш кабарлар