БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештен Венесуэла чакыруусу

Оппозицияга жакын булактар кагылышууларда 4 кишинин каза болгондугун, 200дөн ашуун кишинин жаралангандыгын ортого салган.

1151941
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештен Венесуэла чакыруусу

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш Венесуэлада болгон окуяларда эмне болсо болсун зомбулуктан алыс болууга чакырды.

БУУнун башкы катчысынын  атайын өкүлүнүн жазуу түрүндөгү маалыматында  башкы катчынын Венесуэлада күч алган зомбулукту тынчсыздануу менен иликтегендиги жана мурунку күнү болгон окуяларда кээ бир жарандардын каза болушунан улам санааркагандыгы баса белгиленди.

Маалыматта : «Башкы катчы тынчтанууга чакырып, бардык тараптардан араздашууну азайтуулары жана чыңалуунун дагы да күчтөнүшүнө тоскоол болуу үчүн бардык аракетти көрсөтүүсүн каалап жатат»,- деп билдирилди.

Колумбиянын Венесуэла чек арасында АКШнын Эл аралык Өнүгүү Агенттиги жиберген «гуманитардык жардамдардын» Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Хуан Гуайдого тапшырылышы жана өлкөгө киргизүүгө аракет кылышы менен коопсуздук күчтөр менен оппозициячылдардын арасында кагылышуу чыкты.

Оппозицияга жакын булактар кагылышууларда 4 кишинин каза болгондугун, 200дөн ашуун кишинин жаралангандыгын ортого салган.

 



Тектеш кабарлар