Мадуродон Түркияда банктык эсеп ачуу жолдомосу

Венесуэлада Николас Мадуро башкаруусу 50дөн ашуун фирмага Түркия, Орусия, Кытай жана Индияда банк эсептерин ачууга чакырды.

1150055
Мадуродон Түркияда банктык эсеп ачуу жолдомосу

Венесуэлада Николас Мадуро башкаруусу 50дөн ашуун фирмага Түркия, Орусия, Кытай жана Индияда банк эсептерин ачууга чакырды.

БиБиСи түркчө редакциясынын  Bloomberg маалымат агенттигинен берилген маалыматта Мадуро башкаруусунан жетекчилер менен фирма өкүлдөрүнүн арасында өткөрүлгөн жыйында маселенин күн тартибине келгендиги белгиленди. Кабарда : «Финансы министрлиги бул өлкөлөрдө кандай банктык эсеп ача аларын үйрөтүү үчүн маалыматтандыруу жыйындарын өткөрүүнү пландап жатат»,- деп билдирилди.

Фирмалардын эл аралык төлөмдөрүн бул өлкөлөрдө ача турган банктык эсептери аркылуу  санкциялардан өтүүнү сунуш кылууда.

Венесуэла экономикасы АКШнын катуу санкцияларынын да таасири менен терең кризис ичинде. Өлкөдө эң негизги тамак  - аш жана тазалык материалдарындагы инфляциянын 360  миңдик пайызга жетиши менен бир топ венесуэлалык үчүн мүмкүн эмес абалга келди. Bloomberg кабарында фирмалардын бийликти кыйын абалга түшүрүү үчүн өндүрүштү акырындата турган болсо   жазаландырылары боюнча эскертүү да алышкандары билдирилди.



Тектеш кабарлар