Ирак өкмөтү талап кылган учурунда бул өлкөдөгү аскерлерди чыгарып кетебиз

АКШнын Ирактагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү Жои Худ, АКШнын Ирактагы аскердик туруму туурасында маалымат берди.

1148760
Ирак өкмөтү талап кылган учурунда бул өлкөдөгү аскерлерди чыгарып кетебиз

АКШнын Ирактагы элчи милдетин аткаруучу өкүлү Жои Худ, Ирак өкмөтү талап кылган учурунда бул өлкөдөгү аскерлерин чыгарып кете ала тургандарын айтты.

Худ, Ирактын борбор шаары Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында, өлкөдө Иранга жакын шиит саясий партиялардын арасында катуу талаштарды жараткан АКШнын Ирактагы аскердик туруму туурасында маалымат берди.

АКШлык аскерлердин Иракта борбордук өкмөттүн чакыруусу боюнча турганын эске салган Жои Худ: «Ирак өкмөтүнүн талап кылган учурунда күчтөрүбүз, эл аралык коалиция жана НАТО күчтөрү өлкөдөн чыга алат»,-деди.

Иракта бир гана аскердик кеңешчи жана окутуучулары орун алганын маалымдаган Худ, өлкөдө АКШга таандык кандайдыр бир аскердик база жок экенин айтып чыкты.

Иракта кызмат өтөгөн орто эсеп менен 5200 Америка аскеринин ирактык күчтөр менен бирге кыймыл кылганын айткан АКШлык өкүл, ирактык күчтөрдүн чет элдик аскердик кеңешчилердин жардамы болбостон коопсуздуукту камсыздоо жагынан азырынча жетиштүү деңгээлге келе электигин жактады.

Худ, АКШ аскерлеринин Иракта жайыла баштаганы жөнүндөгү басма сөздө орун алган айтымдардын негизсиз экендигин айтты.

Шиит партиялар АКШнын турушуна катуу каршы чыгышты.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 26-декабрда ирактык жооптуу кызматкерлерден кабар албастан Анбардагы аскердик базага болгон сапарында Америка күчтөрүнүн Ирактан чыкпай турганын жарыялаган болчу.

Трамп, кийинки маалымдоосунда да АКШ аскерлеринин Ирак-Сирия чек арасында Ирандын кыймылдарын байкай турганын айткан.

Трамптын бул билдирүүсүнөн кийин Иранга жакын шиит лидерлер АКШнын өлкөдө турушуна катуу каршылык көрсөтүшкөн.

АКШ, 2003-жылы басып алган Иракта 165 миңдей аскери менен 2011-жылга чейин турган, андан кийин ал убактагы президент Барак Обаманын буйругу менен бардык аскерлерин Ирактан чыгарган.

Бирок террордук уюм ДЕАШтын 2014-жылы 10-июнда пайда болушунан кийин Ирактын ал убактагы премьер-министри Нури аль-Маликинин чакыруусу боюнча АКШ кайра Иракка аскерин жөнөткөн.



Тектеш кабарлар