Кытайдагы кар жаашы учак каттамдарына тоскоол болду

95 учак каттамы аткарыла албады.

1145495
Кытайдагы кар жаашы учак каттамдарына тоскоол болду

Кытайдын борбор шаары Пекинде кардын жаашы менен 95 учак каттамы аткарыла албады.

Кытай борбордук телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда шаарда катуу кар жаашынан улам Пекин борбор шаар эл аралык аэропортунан жасала турган 95 каттам токтотулду.

Кардын жаашы жана көрүү аралыгынын 1 километрге чейин түшүшү жана муз тоңуунун себеп болгондугу белгиленип, жүргүнчүлөр саякаттарынын убактысы тууралуу аба жолу фирмалары менен байланышка өтүү боюнча эскертилди.



Тектеш кабарлар