Грузияда кызамык оорусу күч алууда

Кызамыкка каршы күрөшүүдө эмдөө өтө таасирдүү жол болуп саналат.

1143508
Грузияда кызамык оорусу күч алууда

Грузияда жылдын башынан бери кызамык менен ооругандардын саны 1 миң 370 кишиге жетти.

Ооруларды алдын алуу жана Улуттук Коомдук саламаттык сактоо борборунун директору Амиран Гамкрелидзе, өлкөдө 1-январдан бери кызамык оорусун жугузуп алгандыгы боюнча шектүү катары 1 миң 370 кишинин катталгандыгын билдирди.

Ошондой эле ал эмдөөнүн кызамыкка каршы күрөшүүдө өтө таасирдүү жол экенин айтты.

Амиран Гамкрелидзе 22-январдагы маалымат жыйынында, кызамык дарты боюнча катталгандардын санын 430 киши деп билдирген эле.



Тектеш кабарлар