АКШда мугалимдер иш таштоого чыгышты
Мугалимдердин өкүлү болгон Денвер башталгыч мектептердин мугалимдери биримдиги менен мектептин башкаруучуларынын арасындагы сүйлөшүүлөр улантылат.
АКШда 4 миңден ашуун мугалим иш таштоого чыкты. Колорадо аймагына караштуу Денвер шаарында мугалимдер түзгөн профсоюз менен мектеп башкарууларынын арасында айлык акыларынын белгиленишине карата сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкмайынча мугалимдер иш таштоо чечимин чыгарышты.
Иш таштоого шаардагы 4 миңден ашуун мугалим иш таштоого катышып, билим берүүнүн башкаруучулар жана запастагы мугалимдер менен улантылары белгиленди.
Иш таштоодон улам Денвердеги 5 миң мектепке чейинки балдардын сабактары токтотулду. Кээ бир мектептердеги окуучулар да мугалимдерине колдоо беришти. Шаардагы мугалимдер 25 жылдан бери биринчи жолу иш таштоого чыгышты.
Мугалимдердин өкүлү болгон Денвер башталгыч мектептердин мугалимдери биримдиги менен мектептин башкаруучуларынын арасындагы сүйлөшүүлөр улантылат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.