АКШда 7,7 миллион бала психологиялык жактан ооруйт

Изилдөөнүн жыйынтыгы «JAMA Pediatrics» журналында жарыяланды.

1143531
АКШда 7,7 миллион бала психологиялык жактан ооруйт

АКШда 7,7 миллион бала психологиялык жактан ооруйт.

Жүргүзүлгөн бир изилдөө, 6 жаштан 8 жашка чейинки курактагы балдардын дээрлик 7синен биринин психологиялык көйгөйлөргө туш болгонун жана бул балдардын жарымынын гана дарыланып жаткандыгын ортого салды.

АКШлык изилдөөчүлөр, балдардын ден-соолугу изилденген улуттук отчеттун 2016-жылдагы көрсөткүчтөрүн иликтешти.

Изилдөөнүн алкагында 6-18 жаш курактактарындагы орто эсеп менен 46,6 миллион баланын үй-бүлөсү алардын суроолоруна жооп беришти.

Изилдөөнүн жыйынтыгында 7,7 миллион баланын депрессия, тынчсыздануу, көңүл бурбоо жана гиперактивдүү сыяктуу психологиялык жактан жабыркагандыгы белгиленди.

Айрыкча бул көйгөйлөргө туш болгон балдардын жарымынын гана дарылангандыгын ортого салды.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «JAMA Pediatrics» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар