Ооганстанда Талибан күзөтчүлөрдүн коопсуздук пунктуна кол салды
Кол салууда 8 күзөтчү каза болгонун айткан Рахмани, 4 күзөтчүнүн да жаракат алганын маалымдады.
1142160
Ооганстанда Сари Пул провинциясынын Саййад районундагы күзөтчүлөрдүн коопсуздук пунктуна Талибан террористтери кол салып 8 күзөтчү курман болду.
Сари Пул облустук кеңешинин башчысы Мухаммед Нур Рахмани, террористтердин Саййад районундагы эки башка коопсуздук пунктуна кол салганын белгилеп өттү.
Кол салууда 8 күзөтчү каза болгонун айткан Рахмани, 4 күзөтчүнүн да жаракат алганын маалымдады.
Рахмани, кол салуудан кийин эки коопсуздук пунктунун көзөмөлүнүн кыска мөөнөткө уюмдун колуна өткөнүн белгиледи.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.