Учактын урандысындагы сөөк Эмилиано Салага таандык

Ла – Манш каналынан урандылары табылган учактагы сөөктүн аргентиналык футболчу Эмилиано Салага таандык экендиги белгиленди.

1141492
Учактын урандысындагы сөөк Эмилиано Салага таандык

 Ла – Манш каналынан урандылары табылган учактагы сөөктүн аргентиналык футболчу Эмилиано Салага таандык экендиги белгиленди.

Британиянын түштүк батышындагы Дорсет полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта деңизден чыгарылган сөөктүн футболчуга таандык экендиги расмий түрдө такталгандыгы билдирилди.

Жыйынтыкка байланыштуу сала жана учкуч Дэвид Ибботсондун үй  - бүлөлөрүнө маалымат берилгендиги белгиленген билдирүүдө атайын кызматкерлер тарабынан үй  - бүлөлөргө колдоо берилгендиги баса белгиленди.

22 -  январь күнү Франциянын Нантес шаарынан Галлердин борбор шаары Кардиффке жолго чыккан  кичинекей учак Ла  -  Манш кысыгында жоголгон, Сала жана учкучтан үмүт үзүлгөн болчу.

3 -  февраль күнү учактын түшкөн жери такталып жана ичиндеги сөөктүн чыгарылышы үчүн аракетке өтүлдү.

6 -  февралда чыгарылган сөөк күбөлүгүн тактоо үчүн Портланд аралына алып барылган. Учак болсо аба шарттары жана техникалык кыйынчылыктардан улам чыгарыла алган эмес.

Сала Премьер лига командасынын Кардифф сити менен 15 миллион стерлинг келишимине кол койгон болчу.



Тектеш кабарлар