Иран миң километр аралыктуу баллистикалык ракета чыгарды

«Дезфулдун» аралыгынын 700 километрдик «Зүлфикар» ракетасынан 300 километр дагы көп экендиги бирок талкалоо күчүнүн эки эсе экендиги белгиленди.

1141477
Иран миң километр аралыктуу баллистикалык ракета чыгарды

Иран Төңкөрүш Гвардиясы 1000 километр аралыктуу жана «Дезфул» аттуу кургактыктан кургактыкка атылган баллистикалык ракета чыгарды.

Ирандын жер астындагы заводунда чыгарылган баллистикалык ракетаны таанытуу аземинде сөз сүйлөгөн Төңкөрүш Гвардиясынын башкы командири Мухаммед Али Жафери : «Жер астында ракета чыгарган бул заводду таанытуубуз кээ бирлеринин санаасына жооп болот. Санция жана коркутуулар менен бизди чектей тургандарын жана жогорку максаттарыбыздан кайтарыбызды лйолоп жатышат. Ирандын коргонуу көлөмү эч бир сүйлөшүүгө ачык эмес»,- деди.

Европалыктардын Ирандын коргонуу көлөмү тууралуу санция жана чектөөлөрүнөн сөз кылгандыгын эске салган Жафери : «Коргонуу күчүбүздү сыймыктануу менен жогорулаттык жана эч нерседен санааркообуз жок. Иран бардык коркутууларга карабастан коргонуу тармагында өз жолун улантат»,- деди.

«Дезфулдун» аралыгынын 700 километрдик «Зүлфикар» ракетасынан 300 километр дагы көп экендиги бирок талкалоо күчүнүн эки эсе экендиги белгиленди.

 



Тектеш кабарлар