Асад режими менен ЙПГ/ПКК террордук уюму биргелешип мунай зат иштетүүдө

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, ЙПГ/ПКК жана Башар Асад режими, бөлүшүп жаткан мунай заттын өткөрүлүшүн ылдамдатыш үчүн Дейризордо Евфрат дарыясынын астына мунай зат куурун жайгаштырды.

1140218
Асад режими менен ЙПГ/ПКК террордук уюму биргелешип мунай зат иштетүүдө

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК жана Башар Асад режими, бөлүшүп жаткан мунай заттын өткөрүлүшүн ылдамдатыш үчүн Дейризордо Евфрат дарыясынын астына мунай зат куурун жайгаштырды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Дейризордун батыш жагында режимдин көзөмөлүндөгү аянтта ишин жүргүзгөн фирмалар, ЙПГ/ПККдан алган мунай заттарын дагы ылдам түрдө өткөрүү үчүн ЙПГ/ПККнын басып алуусу астындагы Шухейл жергесинен режимдин көзөмөлүндөгү Букрис жергесине карай мунай зат куурун жайгаштырды.

Евфрат дарыясынын астынан өткөн мунай зат куурунан муктаждык болгон убакта мунай зат ташыла турганы белгилүү болду.

Режимге караштуу фирмалар, андан мурда ЙПГ/ПККдан сатып алган мунай затты яхталар менен ташып жаткан болчу.

АКШ колдогон террордук уюм Сирияда мунай зат булактарынын орто эсеп менен 70 пайызын басып алды.

ЙПГ/ПКК жана режим, 2018-жылдын июль айында Ирактын чек арасындагы Дейризордо уюмдун басып алуусу астындагы мунай заттардын иштетилиши үчүн жолугушууларды өткөрө баштаган.

Ушул алкакта арасында орус адистер да орун алган режим делегациясы ЙПГ/ПКК басып алган жана өлкөнүн эң чоң мунай зат аянты болгон Эл Өмерге да барган.

Режим жана ЙПГ/ПКК, уюм басып алган Хасеке облусундагы аянттардан чыгарылган мунай заттын кирешесин да бөлүшүүдө.

Эки өнөктөш, Хасекедеги 9 мунай зат аянтын бирге текшерүүдө.

ЙПГ/ПКК, 2017-жылы июлда Румейланда орун алган Мунай зат өндүрүү штабынын көзөмөлүн кайрадан режимге өткөргөн жана арасында киреше бөлүшүү келишими түзүлгөн.

Келишимге караганда режим кирешенин 65 пайызын, ЙПГ/ПКК болсо 20 пайызын алса, террордук уюм калганын да аянттардын корголушу боюнча жооптуу жергиликтүү араб күчтөрүнө берет.

Күзөтчүлөрдүн жана берки жумушчулардын айлыктарын болсо режим төлөйт.



Тектеш кабарлар