Иранда жарылуу болду

Жарылууда 3 коопсуздук кызматкери жараланды.

1135700
Иранда жарылуу болду

Ирандын түштүк – чыгышындагы Систан  - Белужистан аймагынын борбору болгон Захидан шаарында кечээ 2 бомбанын жардырылышы менен 3 коопсуздук кызматкери жараланды.

Систан  - Белужистан коопсуздук директору Мухаммед Ганбери Иран мамлекеттик телекөрсөтүүсүндө берилген маалыматында Захидан шаар борборунда 2 бомбанын жарылгандыгын жана коопсуздук күчтөрүнүн окуя болгон жерге жиберилгендигин билдирди.

Ганбери жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:30да болгон жарылууда 3 коопсуздук кызматкеринин жаралангандыгын белгиледи. Окуя тууралуу дагы кенен маалымат берилген жок.



Тектеш кабарлар