Трамп АКШнын Мексика чек арасына дубал тургузуу боюнча чечкиндүү...

Бул туралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди.

1134539
Трамп АКШнын Мексика чек арасына дубал тургузуу боюнча чечкиндүү...

Дональд Трамп АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу планынан кайткан жок. Бул туралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди.

Маалымдай кетсек, АКШ президенти Дональд Трамп бир катар кеңселерди 15-февралга чейинки каржылоо боюнча Конгресс кабыл алган убактылуу бюджетке кол койгон. Ошентип 35 күнгө уланган "кризис" убактылуу токтогон. Эми алдыдагы 21 күндө узак мөөнөттүү бюджет маселеси талкууланат. Бирок Дональд Трамп, чек арага дубал куруу боюнча оюнан кайтпай турганын өзүнүн Твиттердеги баракчасынан билдирди. Баракчада Трамп: «Биз ал дубалды сөссүз орнотобуз»,- деп жазган.

Дональд Трамп: "Эгер Конгресс менен адилеттүү келишимге жетишпесек, 15-февралдан тарта өкмөттүн иши кайра токтойт же мен Конституция берген ыйгарым укуктан пайдаланам", - деп билдирди.

АКШдагы 35 күндүк кризистен улам өлкө экономикасы 6 млрд доллар зыян тартты. Бул, дубалды тургузууга бөлүнө турган каражаттан көбүрөөк.


Этикеткалар: #Трамп , #Мексика , #АКШ , #дубал

Тектеш кабарлар