Мадуро Түркия, Орусия жана Кытайга рахмат айтты

Венесуэлада мурунку күнү оппозиция жана бийлик жактоочулары өткөргөн митингдер өлкө жана аймак үчүн абдан маанилүү абалдарга жол ачты.

1132738
Мадуро Түркия, Орусия жана Кытайга рахмат айтты

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро Венесуэланын улуттук парламентинин спикери жана оппозициячыл лидер Хуан Гуайдонун өзүн Убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялоосуна каршы колдоосунан улам Түркия, Орусия жана Кытайга рахмат айтты.

Социалдык бөлүшү эсебинен берген маалыматта Венесуэланын жалгыз эмес экендигин баса белгилеген Мадуро : «Орусия, Кытай, Түркия менен башка өкмөттөр жана дүйнө калкына Венесуэланын мыйзамдуу курулган өкмөтүнө берген бекем колдоосуна ыраазымын. Чечкиндүү колодоо үчүн рахмат»,- деди.

Венесуэлада мурунку күнү оппозиция жана бийлик жактоочулары өткөргөн митингдер өлкө жана аймак үчүн абдан маанилүү абалдарга жол ачты.

Көпчүлүгү оппозициянын колундагы Улуттук парламенттин спикери Хуан Гуайдо оппозициячылдардын митингинде өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялап жана башта АКШ, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста Рика жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан таанылды.

Мамлекет башчысы Николас Мадуро болсо борбор шаар Каракастагы президенттик сарай Мирафлорестин балконунан миңдеген венесуэлалыкка кайрылып, АКШ менен бардык карым- катнаштарды токоткондугун жана бул өлкөнүн дипломаттарынын Венесуэладан чыгып кетүүсү үчүн 72 саат убакыт бергендигин айткан.



Тектеш кабарлар