Ливия жакындарында эки качкын каза болду

Ливия жакындарында акыркы эки күндө эки качкын каза болуп, 332 киши куткарылды.

1131500
Ливия жакындарында эки качкын каза болду

Ливия жакындарында акыркы эки күндө эки качкын каза болуп, 332 киши куткарылды.

Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу деңиз күчтөрүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Ливия жакындарында качкындардын куткарылышы үчүн акыркы эк күндө жүргүзүлгөн операцияда 332 киши куткарылды.

Маалыматта өзгөчө эки качкындын 24 сааттан ашуун убакыт суук абада,  деңизде калышы менен каза болгондугу билдирилди. Бул качкындардын улутуна байланыштуу маалымат берилген жок.

Ливия азыркы кагылышуу жана жаман экономикалык шарттардан улам жашаган өлкөлөрүнөн мыйзам тышы жолдор менен Европага барууну калаган африкалык качкындар колдонгон эң негизги өткөөл жерлеринин арасында орун алууда.



Тектеш кабарлар