ЙПГ/ПКК дагы бир жергени колго алды

Сирияда кагылышуулар уланып жатат.

1130641
ЙПГ/ПКК дагы бир жергени колго алды

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК, АКШнын колдоосу менен Сирияда улантып жаткан операцияда Дейр-эз Зор шаарында ДЕАШтын көзөмөлүндөгү акыркы эки жергенин бирин колго алды.

ЙПГ/ПКК 8 күнгө уланган кагылышуулардын негизинде кечээ кечки убактарда Сүсе жергесин да басып алды.

Ушундайча ДЕАШ Багоз жергесине кысылып калды.

ЙПГ/ПКК, коалициянын абадан кол салууларын тыгыздаштырганы боюнча Шиифе жергесин 14-январда колго алган болчу.

Дейр-эз Зордо Евфрат дарыясынын батышындагы аймакта болсо Асад режиминин күчтөрү бар.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сирия жерлеринин орто эсеп менен үчтөн бирин көзөмөлдөйт.

ЙПГ/ПКК ДЕАШтан тартып алуу үчүн кол салган жерлерде жарандардын чыгууларына жана ичкериге азык түлүк менен дары-дармек алып кирүүгө уруксат бербейт.

Миңдеген карапайым тургун айланасы курчалган Багоз жергесинен чыга албай калышты.



Тектеш кабарлар