Европа Биримдигинин санкциясын Орусия сынга алды

Орусия Европа Биримдигинин санкция чечимине каршы эселентүүгө карата чара көрүү укугунун корголгондугун билдирди.

1130737
Европа Биримдигинин санкциясын Орусия сынга алды

 Орусия Европа Биримдигинин санкция чечимине каршы эселентүүгө карата чара көрүү укугунун корголгондугун билдирди.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинен Европа Биримигинин мурунку Орусия тыңчысы Сергей Скрипал жана кызынын ууланышына байланыштуу өлкөгө карата санкция чечимине байланыштуу маалымат берилди. маалыматта англис өкмөтүнүн Скрипал окуясын колдонуу менен Brexit күн тартибин өзгөртүүгө аракет кылгандыгы ортого салынды.

Скрипал жана кызынын ууланышына байланыштуу Орусияга карата күнөлөөнүн чындыкты чагылдырбагандыгы белгиленип : «Британ өкмөтү Скрипал доосун колдонуп ички саясат менен ойноп жатат жана Орусияга карата күнөлөөлөр Brexit сүйлөшүүлөрүндө болгон кризистин убактысы менен дал келүүдө»,- деп билдирилди.

Маалыматта Европа Биримдиги тарабынан чыгарылган санкция механизминин Орусия жарандарына карата экендиги ортого салынып бул мамилеге жараша жооп берүү  чарасын көрүү укугубуз корголгон деген пикир билдирилди.

Европа Биримдиги курал колдонууда ролу болгон Сирия илимий эмгек жана изилдөө борбору менен Орусия аскердик чалгындоо кызматынын жетекчилеринен турган 9 кишиге санкция салуу чечими чыгарылган.



Тектеш кабарлар