Кызыл деңизде балык уулоого тыюу салынды

Кызыл деңизде 7 ай бою балык уулоого болбойт.

1129779
Кызыл деңизде балык уулоого тыюу салынды

Египет өкмөтү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана балыктарга тукумун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында Кызыл деңизде балык уулоого 7 айга тыюу салды.

Мамлекеттик гезиттердин бирине маалымат берген Египеттин Балыкчылык мекемесинин төрагасы Эймен Аммар, 7 ай бою б.а февралдан сентябрга чейин Кызыл деңизде балык уулоого тыюу салынгандыгын билдирди.

Коюлган максаттын Кызыл деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тукумун көбөйтүүлөрү үчүн балыктарга дагы көбүрөөк убакыт берүү экендигин айткан Аммар: «Бул чечим өлкөдөгү балык бааларына таасирин тийгизбейт»,-деди.

Кызыл деңизден чыккан 60 миң тонна балыктын Египеттин жылдык муктаждыгынын 3 пайызын камсыздагандыгын белгилеген Аммар, жылдык балык муктаждыгынын 1,8 миллион тонна экендигин жана бул көлөмдүн 300 миң тоннасынын импорттолгондугун айтты.



Тектеш кабарлар