Давос саммити эртең башталат
Дүйнөлүк экономикалык форум WEFнин бул жылкы саммити 22 – 25 - январда Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлөт.
Дүйнөлүк экономикалык форум WEFнин бул жылкы саммити 22 – 25 - январда Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлөт.
Дүйнөнүн эң таасирдүү саясий жана иш дүйнөсүнүн лидерлери катыша турган WEFнин бул жылкы саммити эртең «Глобалдашуу 4: төртүнчү өнөр жай төңкөрүшү доорунда глобалдык түзүлүшкө форма берүү» деген темада башталат.
Бул жылы 49 - жолу өткөрүлө турган, саммитке 110 өлкөдөн 3 миңден ашуун ишкер, саясатчы, илимпоз жана жарандык коом мекемесинин өкүлү катышат жана 350дөн ашуун отурум өткөрүлөт.
Саммитке Түркиянын атынан казына жана финансы министри Берат Албайрак, соода министри Рухсар Пекжан жана Борбордук банктын төрагасы Мурат Четинкаянын катышуусу күтүлүүдө.
Убактылуу бюджет кризисинен улам федералдык өкмөттүн жабылышын негиз катары көрсөтүп Давос саммитине катышпай тургандыгын билдирген АКШнын президенти Дональд Трамп жана Британиянын премьер - министри Тереза Мэй менен Франциянын президенти Еммануэль Макрон да саммитке катышпайт.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 192 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.