Египетте кум бороону
Египеттин түрдүү шаарларында болгон кум бороону жана ыңгайсыз аба шарттарынан улам 5 киши каза болду.
Египеттин түрдүү шаарларында болгон кум бороону жана ыңгайсыз аба шарттарынан улам 5 киши каза болду.
Жергиликтүү медиада орун алган кабарларга караганда Кефр Шейх шаарында кум бороонунда бир автобустун көңтөрлүшү менен 4 киши каза болду.
Порт Саид шаарында да катуу шамал жана ыңгайсыз аба шарттарынын натыйжасында бир имараттын кээ бир бөлүктөрүнүн кулашы менен 1 киши каза болуп, 2 киши жараланды.
Саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Суэц шаарында да бир автобустун көңтөрүлгөндүгү жана 27 кишинин жаралангандыгы билдирилди.
Египет расмий агенттиги MENAда берилген кабарда Исмаилиййе шаарында кум бороону жана жаман аба шарттарынан улам электр байланышында өрт чыгып 5 үйдүн өрттөнгөндүгү билдирилди.
Бир тараптан жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда ыңгайсыз аба шарттарынан улам Суэц, Зейтият, Решид жана Буруллус порттору жабылды.
Өзгөчө көрүү аралыгынын кыскарышы менен ыктымалдуу кырсыктарга тоскоол болуу үчүн борбор шаар Каир жана Ес - Саид шаарында негизги жолдор унааларга жабылды.