Көчмөндөрдү дрон эмес, дубал токтото алат

АКШнын президенти Дональд Трамп, бул тууралуу Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

1127212
Көчмөндөрдү дрон эмес, дубал токтото алат

АКШнын президенти Дональд Трамп, Борбордук Америкадан АКШ чек арасын көздөй жылып бараткан көч кербенинин дрондор менен эмес, бир гана дубалдар менен тосула ала турганын айтты.

Жүздөгөн гондурастык Трмаптын көчмөндөргө карай мамилеси жана саясаттарына карабастан, өлкөлөрүндөгү экономикалык шарттар жана зомбулуктардан качып жаңы турмуш баштоо максатында АКШны көздөй багыт алды.

Твиттерден маалымат бөлүшкөн Трамп: «Жаңы, чоң конвой түштүк чек арабызды көздөй Гондурастан жол тартууда. Нэнси (Эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Нэнси Пелоси) жана Чакка (Сенаттын азчылык лидери Чак Шумер) айтып койгула, учкучсуз учуучу аппарат (дрон) учуруу көчмөндөрдү токтото албайт. Бир гана дубал ишке жарай алат. Дубал же болот тосмо өлкөбүздү коопсуз кармайт»,-деди.

Сурамжылоолор, адамдардын чек арада болуп жаткан адамзат кризиси жана кылмышын түшүнө баштаганын көрсөтүүдө деген Трамп, демократтардын жакында кылмыш партиясы катары билине турганын айтты.



Тектеш кабарлар