Түндүк Корея жана АКШ ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуулар

АКШнын борбор шаары Вашингтондо бул жумада Түндүк Корея жана АКШдан жогорку мартабалуу жетекчилердин ортосунда сүйлөшүүнүн болору белгиленди.

1126107
Түндүк Корея жана АКШ ортосунда жогорку деңгээлдеги жолугушуулар

 АКШнын борбор шаары Вашингтондо бул жумада Түндүк Корея жана АКШдан жогорку мартабалуу жетекчилердин ортосунда сүйлөшүүнүн болору белгиленди.

Йонхап агенттигинин дипломатиялык бир булакка таяндырып берген кабарында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Йонг Чолдун бул жумада Вашингтондо жолугушуусунун күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

Эки тараптын бетме  - бет жолугушууларды өткөрүшү тууралуу чечкиндүү экендигин билдирген булак жолугушуунун 17 – 18 -  январь күндөрү өткөрүлөрүн маалымдады.

Түштүк Кореянын «Chosun Ilbo» гезити да Ким Йонг Чолдун бейшемби күндөн баштап эки күндүк сапар менен АКШнын борбор шаарына барарын билдирди. Бул тууралуу Пхеньян же Вашингтон тарабынан азырыча расмий билдирүү келе элек.

Помпео жана Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин төрага орун басары Кимдин ноябрь айында Нью – Йоркто жолугушуусу пландалып жаткан.

Бирок Пхеньян башкаруусу АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосундагы экинчи саммиттин өткөрүлүшүнүн жана Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы карала турган жолугушууну жойгон болчу.

Трамп менен Ким 12 -  июнда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан  тазаланышы тууралуу келишим түзгөн.



Тектеш кабарлар