Египетте түздөн түз инвестицияда төмөндөө болду
Египетте түздөн түз чет элдик инвестиция үч айлык мезгилде 40 пайызга азайды.
1123916
Египетте түздөн түз чет элдик инвестиция үч айлык мезгилде 40 пайызга азайды.
Египет Борбордук банкынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түздөн түз чет элдик инвестициянын 2018 – 2019 – жылдагы финансылык жылдын биринчи чейрегинде (июль 2018/ сентябрь 2018) 40 пайызга артка кеткендиги, андан мурунку жылы ушул эле мезгилде 1, 843 миллиард доллар болгон болсо бул жылы 1, 099 миллиард долларга түшкөндүгү белгиленди.
Египет бюджет мыйзамына караганда июль айында башталган финансы жылы кийинки жылдын июнь айында акырына чыгат.
Пландоо министри Хале Саид андан мурда берген маалыматында өлкөсүнүн өткөн жылы 7,9 миллиард болгон жылдык түздөн түз чет элдик инвестицияны бул жылы 11 миллиард долларга чыгарууну максат кылгандыгын билдирген.