Афганстанда алтын кенинде жер көчкү болду

Жер көчкүдө 30 жумушчу казатапты.

1120823
Афганстанда алтын кенинде жер көчкү болду

Афганстанда мыйзамсыз ачылган алтын кенинде иштеген 30 жумушчу жер көчкүдө  каза болду. Кенде 7 жумушчу да жараланды.

Бадахшан аймагынын полиция катчысы Санауллах Рухани Кохистандагы кенде жер көчкүнүн болгондугун айтты. Жер көчкүдө 60 метрчелик тереңдикте жер астында калган 30 киши каза болуп, 7 жумушчу жараланды.

Жер байлыктары жактан бай болгон бул аймакта жакыр айылдыктардын тышында Талибандын да киреше табуу үчүн казуу иштерин жасагандыгы белгилүү.

Афганстандын тоолуу түндүк бөлүгүндө бат – бат жер көчкү болуп турат.

 

 



Тектеш кабарлар