Магнитогорстогу жарытылыш газ жарылуусунда урандыларды тазалоо улантылууда

Урандылардын астынан 11 айлык бир бөбөк тирүү чыгарылды.

1117258
Магнитогорстогу жарытылыш газ жарылуусунда урандыларды тазалоо улантылууда

Орусиянын Челябинск  аймагындагы Магнитогорск шаарында жаратылыш газ жарылуусунан улам кулаган имараттын урандысынан 11 айлык бир бөбөк тирүү чыгарылды.

Магнитогорск шаарындагы 10 кабаттуу бир имаратта кечээ эрте мененки сааттарда болгон жарытылыш газ жарылуусунан улам кулаган блоктун урандыларында жүргүзүлгөн изилдөө – куткаруу иштери улантылууда.

Чукул абалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда – 17 градустук суукта жүргүзүлгөн изилдөөдө 7 кишинин сөөгү табылды. Уранды астында табылган бир сөөктү чыгарууга аракет кылынууда. Жарылуу учурунда имаратта экендиги болжолдолгон 35 кишинин абалынын белгисиз экендиги билдирилди.

Окуядан улам Челябинск аймагында бир күндүк аза күтүү жарыяланды. Магнитогорск шаарындагы имаратта кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:00  чамаларында болгон жарылууда 100дөн ашуун киши жашаган 48 квартира зыян тартты.

 

 

 



Тектеш кабарлар