Египет 3 палестиналыкты эркин коё берди

Египет мекемелери тарабынан көптөгөн айлар мурда камоого алынган 3 палестиналык эркин коё берилди.

1116631
Египет 3 палестиналыкты эркин коё берди

Египет мекемелери тарабынан көптөгөн айлар мурда камоого алынган 3 палестиналык эркин коё берилди.

Хамас кыймылы берген жазуу түрүндөгү маалыматта камоого алынган Хусам Ватфа, Мухаммед Гайс жана Еймен Мелиханын Хамастын саясий бюро мүчөсү Яхя Синвардын аракети менен эркин коё берилгендигин белгиленди. Маалыматта камоого алуу себептерине байланыштуу маалымат берилген жок.

Хамастын саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хенийе эркин коё берилгендер менен жолугушуусунда берген маалыматында Египеттик бир туугандар менен карым  - катнаштардын өнүккөндүгүн баса белгиледи.

Палестина жергиликтүү басма сөзү эркин коё берилген палестиналыктардын Рефах чек ара капкасынан өтүшүнөн кийин камоого алынгандыгы жана үй  - бүлөлөрү менен байланыштын үзүлгөндүгү тууралуу кабарлар орун алган.



Тектеш кабарлар