Бахрейн Дамаскта кайрадан элчилигин ачты
Бахрейн да 7 жылдан кийин Сириянын борбор шаары Дамаскта кайрдан элчилик ачты.
Бириккен Араб Эмирликтеринен кийин Бахрейн да 7 жылдан кийин Сириянын борбор шаары Дамаскта кайрдан элчилик ачты.
Бахрейн тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Дамасктагы элчиликтин кайрадан ишин баштагандыгы жарыяланды. Маалыматта Бахрейндин Сирия менен карым - катнаштарын улантууну каалагандыгы белгиленип, өзгөчө Манамадагы Дамаск элчилигинин да милдетин улантып жаткандыгы жана эки өлкөнүн ортосундагы учак каттамдарынын үзгүлтүксүз улантылгандыгы билдирилди.
Бахрейн Сирияда 2011 - жылы жарандык согуштун чыгышынан бир канча убакыттан кийин Дамасктагы элчилигин жапкан.
Бириккен Араб Эмирликтеринин да кечээ Сириянын борбор шаары Дамасктагы элчилигинин кайрадан ишин баштагандыгы билдирилген.
Сирия режиминен өткөн айда берилген маалыматта араб өлкөлөрүнүн Дамасктагы элчиликтерин кайрадан ачышы кубантуучу экендиги билдирилген.
Тектеш кабарлар
Мексикада мигранттарды ташыган жүк ташуучу унаага ок атылды
Окуяда 6 мигранттын каза болгондугу, 10 кишинин жараланганы белгиленди.