АКШ Израилге жыл сайын 4 жарым миллиард доллар жардам берген

АКШнын президенти Дональд Трамп израилдиктердин өздөрүн абдан жакшы коргоп жатышкандарын айтты.

1115290
АКШ Израилге жыл сайын 4 жарым миллиард доллар жардам берген

 АКШнын президенти Дональд Трамп Тель Авив башкаруусуна жылдык 4 жарым миллиард доллар бергендерин жана израилдиктердин өздөрүн абдан жакшы коргоп жатышкандарын айтты.

Израилдин Гаарец гезитинин кабарына караганда Трам мурунку күнү Иракка жасаган сюрприз сапарынан кайтуусунда журналисттерге маалымат берди. АКШнын Сириядан чыгуу чечиминин Израилге тийгизген таасири тууралуу берилген суроого : «Израилге жыл сайын 4 жарым миллиард доллар берип жатабыз. Израиль өзүн абдан жакшы коргоп жатат»,- деп жооп берди Трамп.

Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяху менен сүйлөшкөндүгүн белгилеген Трамп буларды билдирди : «Нетаньяхуга билесиңер Израилге жылда 4 жарым миллиард доллар берип жатабыз. Өзүңөрдү абдан жакшы коргоп жатасыңар дедим. Элчиликти Кудска көчүргөн менмин. Муну аткарууну каалаган да мен элем. Бул иштер ушундай болот, Израилди абдан жакшы карайбыз. Израил жакшы болот. Израилге 4 жарым миллиард доллар берип жатабыз. Каттоолорду карай турган болсоңор мындан да ашыкча бергенибизди көрөсүңөр».

Премьер  - министр Нетаньяху Израилдин АКШ чечими тууралуу иштей тургандыгы жана түрдүү шарттарда өз коопсуздугун түзүүнү улантарын айтып, Трамптын чечимин ачык түрдө сынга алуудан алыс турган бирок Вашингтондун чегинүү чечими Израилде тынчсыздануу жараткан.

Израиль медиасында Израилдин Сирияда өзгөчө Иранга каршы жалгыз калары тууралуу кабарлар орун алып, Трамп чечиминен улам катуу түрдө сынга алынган. Израиль экинчи дүйнөлүк согушунан кийин АКШ эң чоң жардам жиберген өлкөлөрдүн башында турат.

АКШ Конгерссинин Изилдөө кызматы билдирген санга караганда Вашингтон башкаруулары Израилге ушул күнгө чейин 130 миллиард доллардан ашуун жардам жиберген. Бул жардамдардын чоң бөлүгү аскердик тармакта жумшалган.



Тектеш кабарлар