Ооганстанда жардыруу жана кол салуу болду

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Вахид Макро, Кабулда мурда мамлекеттик имараттын алдында болгон жан кечтилик кол салуу, андан кийин куралчан кишилердин имаратты курчоосунун натыйжасында 43 кишинин каза болгонун жарыялады.

1113217
Ооганстанда жардыруу жана кол салуу болду

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда мамлекеттик имаратка болгон кол салууда каза тапкандардын саны 43кө жетти.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Вахид Макро, Кабулда мурда мамлекеттик имараттын алдында болгон жан кечтилик кол салуу, андан кийин куралчан кишилердин имаратты курчоосунун натыйжасында 43 кишинин каза болгонун жарыялады.

Кол салууну моюнга алган эч ким чыга элек.

Ички иштер министрлигинин катчысы Нажип Даниш, өкмөт имаратынын алдында жан кечтилик кол салуучунун унаасын жардырышынан кийин куралчан кишилер тарабынан имаратка кол салуу болуп, көпчүлүгү кызматкерлерден турган 29 киши каза тапканын, 23 кишинин жаракат алганын билдерген.

Даниш, андан кийин аймакты курчоого алган полициялардын дагы имаратка киргенин белгилеген.

Кызматкерлерден айрымдары жашына алганын, полициянын калган 357 кишини имараттан чыгарганын айткан Даниш, кылдат жүргүзүлгөн операцияда куралчан 3 кишинин жок кылынганын айткан.

Ок атышууларда каза болгондордон бирөөнүн полиция, калгандары жаран экени, жаракат алган 23 кишиден үчөөнүн полиция экенинин маалыматын бөлүштү.



Тектеш кабарлар