Японияда 120 жылдын эң төмөнкү төрөт катнашы
Улуттук NHK теле көрсөтүүсүнүн кабарында саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бул жылы январь - октябрь мезгилиндеги төрөт саны 921 миң деп эсептелгендиги жарыяланды.
Японияда акыркы 120 жылдын эң төмөнкү төрөт катнашы бул жылы күтүлүүдө.
Улуттук NHK теле көрсөтүүсүнүн кабарында саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бул жылы январь - октябрь мезгилиндеги төрөт саны 921 миң деп эсептелгендиги жарыяланды.
2017 – жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 25 миң дагы аз болгон бул катнаштын акыркы 120 жылдын эң төмөнкү төрөт катнашы экендиги белгиленди. Кабарда акыркы 30 жылда өлкөдөгү төрөт катнашынын 30 пайыздык деңгээлде төмөндөө көрсөткөндүгү белгиленди. Бул жылы өлүм санынын 1, 37 миллионго жогорулай тургандыгы билдирилген кабарда бул сандын өткөн жылдан 29 миң дагы ашыкча болгондугу билдирилди.
Өлкө калкынын санында 12 жылдан бери келе жаткан төмөндөөнүн улантыларына көңүл бурулган кабарда мунун бул жылы 448 миң киши деңгээлинде болору маалымдалды.
Жетекчилер калк санынын азайышын Япониядагы үй - бүлө түзүлүшү жана турмуш стилинин акыркы 30 жылда алмашуусуна байланыштырып жатат.
2050 - жылга чейин Япония калкынын (126,8 миллион) 87 миллионго төмөндөй тургандыгы болжолдолууда.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.