Португалияда трамвай кырсыкка учурады

Окуя тууралуу териштирүү башталды.

1107803
Португалияда трамвай кырсыкка учурады

Португалиянын борбор калаасы Лиссабондо бир трамвай жолдон чыгып кетип кулашынын себебинен 28 киши жаракат алды.

Жооптуу кызматкерлер трамвайдын тик эңкейиште жолдон чыгып кетип бир имаратка урунганын жана оодарылганын билдиришти.

Кырсыктан жаракат алган 28 кишинин абалы оор эместиги маалымдалды.

Окуя тууралуу териштирүү башталды.


Этикеткалар: #Португалия , #трамвай

Тектеш кабарлар