Израиль аскерлери 4 жаштагы палестиналык баланы шейит кылды

Израиль аскерлеринин 30 – марттан бери болуп  келе жаткан тынчтыкчыл митингдерге кийлигишүүсүндө 220дан ашуун палестиналык каза болду.

1105535
Израиль аскерлери 4 жаштагы палестиналык баланы шейит кылды

Израиль аскерлери блокада астындагы Газа тилкесинин чек арасында жума күнү өткөрүлгөн тынчтыкчыл «Улуу жүрүш» митингдерине кийлигишип 4 жаштагы палестиналык баланы шейит кылды.

Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Эшреф ел  - Кудра берген маалыматында Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгыш чек арасында жума күнү Израиль аскерлери аткан ок менен жараланган 4 жаштагы Ахмед Ясир Эбу Абиддин шейит болгондугун белгиледи.

Палестиналыктар 30 -  марттан бери блокада астындагы Газа тилкесинин Израиль чек арасында «Улуу жүрүш» деген ат менен тынчтык митингин өткөрүүдө.

Израиль аскерлери болсо «жашаган жерлеринен кеткендердин кайра кайтышы жана 2006 -  жылдан бери Газага жасалган мыйзамсыз блокаданын жоюлушун» талап кылган жарандык калкка чыныгы ок атышууда.

Израиль аскерлеринин 30 – марттан бери болуп  келе жаткан тынчтыкчыл митингдерге кийлигишүүсүндө 220дан ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар