Аргентина менен Орусиянын ортосунда тынчтыкчыл атомдук келишим

Орусия жана Аргентина атомдук энергетиканын тынчтыкчыл максатта колдонуу үчүн стратегеиялык бир келишимге кол койду.

1099513
Аргентина менен Орусиянын ортосунда тынчтыкчыл атомдук келишим

Орусия жана Аргентина атомдук энергетиканын тынчтыкчыл максатта колдонуу үчүн стратегеиялык бир келишимге кол койду.

Орус энергетика фирмасы Росатомдон берилген маалыматта бул келишимдин Аргентинанын борбор шаары Буэнос Айресте өткөрүлгөн чоң жыйырмалыктын саммитинин негизинде өткөрүлгөндүгү белгиленди. Маалыматта кол коюу аземине Орусиянын президенти В. Путин менен Аргентинанын мамлекет башчысы Маурисио Макринин да катышкандыгы белгиленди. Маалыматта көз караштарына орун берилген Росатомдун башкы директору Алексей Лихачев аймактагы бири бирине карата кызматташуунун негизги тармактарынын бирөөсүнүн Аргентинадагы чоң жана кичине көлөмдүү атомдук күч станциясын куруу долбоорлорунун экендигин белгиледи.

Келишим үчүнчү дүйнө өлкөлөрүндө орток долбоорлорду, изилдөө борборлорунун курулушун жана бул жерлерде персонел көлөмүн өнүктүрүүнү камтууда.

Аземде өзгөчө атомдук энергетиканы тынчтыкчыл жол менен колдонуу үчүн атайын Орусия  - Аргентина долбоорлорунун ишке ашырылышына байланыштуу бир жол картасына да  кол коюлду.



Тектеш кабарлар