Египетте 3 миң жыл мурункусуна таандык мумиялар табылды
Египеттин Гиза шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда 3 миң жыл мурункусуна таандык 8 мумия табылды.
Египеттин Гиза шаарында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда 3 миң жыл мурункусуна таандык 8 мумия табылды.
Египет тарыхый чыгармалар министрлигинен берилген маалыматта Гиза шаарындагы Дехшурда байыркы Египетте 12 - династия фараондорунан Нубкауре Аменемхат 2ге таандык пирамиданын түштүк - чыгышында жүргүзүлгөн археологиялык казууларда бир топ саркофагдын табылгандыгы белгиленди.
Тарыхый чыгармалар жогорку кеңешинин секретары Мустафа Везири болсо берген маалыматында аймакта август айында башталган казуулардын акырында ачыкка чыгарылган саркофагдардын ичинде 8 мумиянын табылгандыгын айтты.
Биздин заманга чейинки 1085 – 332 – жылдарга таандык экендиги болжолдолгон мумиялардан үчөөсүнүн абалынын жакшы экендигин айткан Везири тема тууралуу дыгы көп маалымат берген жок.