Эл аралык Доха китеп жарманкеси

29 - Эл аралык Доха китеп жарманкесинин коногу Орусия.

1097755
Эл аралык Доха китеп жарманкеси

Катарда Эл аралык Доха китеп жарманкеси 29 -  жолу китеп сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Катардын борбор шаары Дохадагы жарманке жана Конгресс сарайында конокторуна каалгаларын ачкан жарманкеге араларында Түркия да болгон 30 өлкөдөн 427 басмакана катышууда.

Жарманкенин негизинде кол койдуруу күндөрү, ыр окуу жана конференциялар өткөрүлүп, окурмандар бир топ жазуучу менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн табышат.

Бул жылы Орусия конок болгон 29 -  Эл аралык Доха китеп жарманкеси 8 -  декабрга чейин улантылат.

 



Тектеш кабарлар