Украина Орусия жарандарына чектөө алып келет

Порошенко : «Орусия жарандарына чектөө киргизебиз жана мунун толугу менен адилеттүү болорун ойлоп жатам»,- деди.

1097610
Украина Орусия жарандарына чектөө алып келет

Украинанын президенти Петр Порошенко өлкөдө жарыяланган аскердик абалдан улам Украина жарандарына кандайдыр бир чектөөнүн киргизилбей тургандыгын белгилеп : «Орус  жарандарына болсо чектөө алып келебиз»,- деди.

Порошенко твиттер аркылуу берген маалыматында Украинада аскердик абалдын жарыяланышынан кийин элди тынчтанууга чакырып : «Маркеттерге туз жана ширеңке алуу үчүн чуркабагыла. Украина жарандарынын банктардагы акчасына, валюта  иштерине же өлкө тышы саякаттарына кандайдыр бир чектөө киргизилбейт»,- деди.

Өлкөдөгү Орусия жарандарын эскерткен Порошенко : «Орусия жарандарына чектөө киргизебиз жана мунун толугу менен адилеттүү болорун ойлоп жатам»,- деди.

Украина Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында Орусиянын аскердик кемелеринин Украина аскердик кемелерине ок атышы менен аскердик абал жарыялаган.

 

 



Тектеш кабарлар