Египет менен Испаниянын орток аскердик машыгуусу
Машыгууга Түндүк Египет деңиз флотуна таандык аскердик кемелери менен Испаниянын аскердик кемелери катышты.
Египет менен Испаниянын деңиз күчтөрү Жер Ортолук деңизде эл аралык жээк сууларда орток аскердик машыгуу өткөрдү.
Египеттин коргоо министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Испания менен орток өткөрүлгөн машыгууга Түндүк Египет деңиз флотуна таандык аскердик кемелери менен Испаниянын аскердик кемелеринин катышкандыгы белгиленди.
Машыгууда деңиз коопсуздугун коркуткан элементтер, террор жана ыктымалдуу күтүлбөгөн кол салууларга карата көрүлө турган чаралар жана күрөшүү методдорунун ишке ашырылгандыгы билдирилди.
Маалыматта абадан кол салууларга жооп берүү жана стратегиялык жүк ташыган кемелердин коргоого алынышына карата кол салуу сценарийлеринин да каралгандыгы жана шектүү кемелерди текшерүү операциясынын ишке ашырылгандыгы жарыяланды.
Операция стратегияларын сыноо, тажрыйба бөлүшүү жана согуш доктриналарынын аныкталышы сыяктуу максаттар менен өткөрүлгөндүгү белгиленген машыгуунун башталыш жана бүтүш күнү тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.