Ирандагы жер титирөө Иракта кишилердин каза болушуна себеп болду

Ирандын Керманшах аймагында болгон 6, 4 баллдык жер титирөөдө 640тан ашуун киши жараланган.

1095106
Ирандагы жер титирөө Иракта кишилердин каза болушуна себеп болду

Ирандын батышындагы Керманшах аймагында болгон 6, 4 баллдык жер титирөөнүн Иракта да сезилиши менен чыккан дүрбөлөң жана коркуудан 2 киши каза болду.

Сүлеймание адамзаттык иштер офисинин жооптуусу Бестун Жалейи жер титирөөдө Сүлеймание шаарынын Келар районунда 2 киши каза болуп, 50 кишинин жаралангандыгын айтты.

Жалейи дүрбөлөңдөн улам ден соолугу начарлаган же бийиктен секирип жаралангандардын көпчүлүгүнүн аялдар экендигин белгиледи.

Ирандын Керманшах аймагында болгон 6, 4 баллдык жер титирөөдө 640тан ашуун киши жараланган.



Тектеш кабарлар