Астрономдор күнгө окшогон жылдыз табышты

Гаиа арачылыгы менен саманчынын жолундагы 17 миңге жакын жылдыздын химиялык түзүлүшү, кыймылдары жана жашы иликтенди.

1093794
Астрономдор күнгө окшогон жылдыз табышты

Португалиядагы Астрофизика жана космос илимдер институтунан эл аралык бир группанын «Күндүн үй  - бүлөсүн» табуу үчүн жүргүзгөн эмгекте Европа космостук агенттигинин космостук унаасы Гаиа арачылыгы менен саманчынын жолундагы 17 миңге жакын жылдыздын химиялык түзүлүшү, кыймылдары жана жашы иликтенди.

Алынган маалыматтарга караганда астрономдор жогорку пикселдүү спектрограф колдонгон эмгекте 4, 5 миллиард жашында экендиги болжолдолгон күнгө «эгизинчелик» окшогон HD186302 аттуу бир жылдызды табышты.

Жылдыздын жер шарына 184 жарык жыл алыста экендиги эсептелди. Изилдөөнүн күн менен башка жылдыздардын пайда болушу тууралуу маалыматтар үчүн маанилүү экендиги билдирилди. Эмгектин табылгалары "Astronomy and Astrophysics" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар