Трамп Кашыкчы кылмышы тууралуу шейшемби күнү маалымат бере тургандарын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп,Малибу шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1089985
Трамп Кашыкчы кылмышы тууралуу шейшемби күнү маалымат бере тургандарын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп, саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышы тууралуу кеңири отчеттун 2018-жылдын 20-ноябрында даяр боло турганын жарыялады.

Калифорния штатындагы токой өрттөрүн өчүрүү иштерин иликтегени барган Трамп, Малибу шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Борбордук маалымат чогултуу уюмунун  (CIA) Кашыкчы кылмышынын буйругун Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салмандын бергени боюнча тыянак чыгарганы жөнүндөгү айтымдарга сереп салган Трамп: «Азырынча кандайдыр бир баа берүү жасай элек. Бул үчүн абдан эрте. Бул бүтүрүлө элек отчет»,-деди.

Трамп: «Алдыбыздагы эки күндүн ичинде балким дүйшөмбү же шейшемби күнү толук отчет алабыз жана толук бүтүрүлгөн болот»,-деп айтты.

Ошол күнү CIA директору Жина Хаспел менен сүйлөшкөнүн айткан Трамп: «Бир журналисттин ушинтип өлтүрүлүшү абдан коркунучтуу»,-деп айтты.


Этикеткалар: #Трамп

Тектеш кабарлар