Франциядан "Йемендеги согушту токтотуңуздар" эскертүүсү

Ле Дриан France 2 телекөрсөтүүсүнө Йемен тууралуу маалымат берди.

1086894
Франциядан "Йемендеги согушту токтотуңуздар" эскертүүсү

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Йемендеги согушта жеңишке жетишкендин болбой тургандыгын, эл аралык коомчулуктун согушту токтотушу керектигин белгиледи.

Ле Дриан France 2 телекөрсөтүүсүнө Йемен тууралуу маалымат берди. Йемендеги согушка байланыштуу : «Эл аралык коом согушту токтотушу керек. АКШ, Британия жана Франциянын айтканы бул»,- деген Ле Дриан жакында Швецияда Йемен тууралуу маанилүү бир жыйын өткөрүлөрүн жарыялады.

Ле Дриан тараптарга оболу Йеменде ок атышпоолорду түзүүгө чакырып, Йеменге гуманитардык жардамдардын жеткирилиши жана өлкөдө саясий чечүүчү жолдун түзүлүшү керектигине көңүлдөрдү бурду жана : «Бул согуштун жеңгени жок. Ошондуктан согуш токтотулушу керек»,- деди.

Йеменде 4 жыл мурда хусилердин борбор шаар Сананы колго алышы менен башталган жарандык согуштан улам миңдеген жаран каза болуп, миллиондогону да ачкачылык коркунучу менен бетме  - бет келип турат. Согуш менен бирге холера, дифтерия жана ушуга окшогон оорулардын жайылышы, ачкачылык, дары  - дармектердин түгөнүшү жана ички миграция  күнөөсүз кишилерди кыйынчылыкка салууда. Жалпы өлкөдө 22 миллион киши гуманитардык жардамга муктаж.

БУУнун жетекчилери өлкөдөгү абалдын канчалык жаман экендигин айтып : «Калктын үчтөн эки бөлүгү кийинки тамагын жеп же жей албай тургандыгын билбейт»,- деди.



Тектеш кабарлар