Камерунда качырылган сексен бир киши куткарылды

Качырылган сексен бир кишинин жетимиш сегизи окуучулар болгон.

1083311
Камерунда качырылган сексен бир киши куткарылды

Кечээ Камерундун Англофон түндүк батыш аймагында качырылган cексен бир киши куткарылды.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда Түндүк Батыш аймак губернатору Адольф Леле Лафрик аймактын борбор шаары Бамендада жүргүзүлгөн аскердик операция менен кечээ качырылган сексен бир  кишинин куткарылгандыгын белгиледи. Сексен бир  кишинин жетимиш тогузу орто мектептин окуучусу болгон.

Аймакта кызмат кылган бөлүктүн командири Генерал Ага Робинсон да операциянын качыруу окуясынан кийин эле башталгандыгын, киши качыргандардын артынан үшүп, качырылган кишилер кармалган аймакты курчоого алгандыгын айтты.

Андан мурда берилген маалыматта жетимиш сегиз окуучу жана бир шофердун эркин кое берилгендиги, мектептин директору жана бир мугалимдин барымта катары кармалгандыгы белгиленген.

Камерундук жикчилдер болгон аймакта  өткөн окуянын жоопкерчилигин азырынча моюнга алган болгон жок.

 



Тектеш кабарлар