Афганстанда Талибан кол салуусу

Афганстандын Газне аймагынын Жагури районунда Талибан мүчөлөрүнүн кол салуусунда 3 полиция каза тапты.

1083568
Афганстанда Талибан кол салуусу

Афганстандын Газне аймагынын Жагури районунда Талибан мүчөлөрүнүн кол салуусунда 3 полиция каза тапты.

Газне губернаторлугунун катчысы Мухаммед Ареф Нури Талибан мүчөлөрүнүн Жагуриге кол салуусу менен 5 коопсуздук кызматкеринин да жаралангандыгын айтты. Нури колдоо күчүнүн аймакка барышы менен Талибан мүчөлөрүнүн жеңилүүгө учуратылгандыгын белгиледи.

Талибан катчысы Забихуллах Мүжахит болсо кол салуунун натыйжасында 9 пунктун текшерүүсүн колго алгандарын, 25 коопсуздук кызматкеринин жок кылынгандыгын айтты.



Тектеш кабарлар