БУУнун жардам конвоюу Асад тоскоолдугуна учурап жатат

БУУ Сириянын түштүк батышындагы Рукбан лагерине бериле турган гуманитардык жардамдарды өткөрүүнү кечеңдеткендигин жарыялады.

1078806
БУУнун жардам конвоюу Асад  тоскоолдугуна учурап жатат

БУУ Сириянын түштүк батышындагы Рукбан лагерине бериле турган гуманитардык жардамдарды өткөрүүнү кечеңдеткендигин жарыялады.

Башар Асад режиминин январь айынан бери гуманитардык жардам өткөрүүгө уруксат бербеген Рукбан лагерине жибериле тургандыгы жарыяланган БУУнун гуманитардык жардам конвоюу режимдин токсоолдуктарынан улам кыймыл кыла албай жатат.

БУУнун Сирия гуманитардык жардам координатору Али Аз – Затари бул тууралуу берген маалыматында Рукбанга 27 -  октябрда жеткирилери жарыяланган конвойдун барышынын кечеңдетилгендигин белгиледи. Кечеңдетүүнүн себебин «коопсуздук» негиздер менен байланыштырган Ал Затари конвойдун аймакка барышы үчүн Асад режими менен сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын айтты.

Али Ал – Затари гуманитардык жардам кызматкерлеринин коопсуздугунун түзүлүшү керектигин баса белгилеп, конвойдун Рукбанга качан барарына байланыштуу маалымат берген жок.

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын кеңешчиси Ян Эгеланд 18 -  октбрда берген маалыматында Асад режиминин январь айынан бери гуманитардык жардам өткөрүүгө уруксат берген Рукбан лагерине  акырында жардам жеткириле аларын жарыялаган болчу.

Режимдин БУУнун гуманитардык жардам конвойлоруна жашыл жарык жаккандыгын билдирген Эгеланд Иордания чек арасындагы лагерде жашаган 50 миңге жакын жаранга тамак  - аш жана медициналык жардамдардан турган конвойду өткөн жуманын ичинде  жиберүүнү ойлошкондорун белгилеген болчу.



Тектеш кабарлар