БУУнун 8 мүчөсүнөн Орусияга Донбас тууралуу чакыруу

Өлкөлөр эл аралык коомчулукту Донбастагы «мыйзам тышы» шайлоого каршы биримдик болууга чакырды.

1078928
БУУнун 8 мүчөсүнөн Орусияга Донбас тууралуу чакыруу

БУУнун мүчөсү 8 өлкө Орусияны Украинанын чыгышындагы Донбас аймагында 11 -  ноябрда өткөрүлө турган «мыйзам тышы жана жалган шайлоону» жана жикчилдерге финансылык, аскердик жардам берүүнү токтотууга чакырды.

Британия, Франция, Нидерландия, Польша, Швеция, Италия, Бельгия жана Германия, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинадагы абалдар сөз боло турган жыйындан мурда биргелешкен маалымат жарыялашты.

8 өлкө маалыматта Украинанын чыгышындагы Донбас аймагында жикчилдердин 11 -  ноябрда «мыйзам тышы жана жалган шайлоо» өткөрүшүн айыптады.

Өлкөлөр эл аралык коомчулукту Донбастагы «мыйзам тышы» шайлоого каршы биримдик болууга чакырды. 

Орсиянын 2014 -  жылы Крымды аннекция кылышы жана Украинанын чыгышындагы Донбас аймагында жикчилдер  жарыялаган жалган башкарууну тааныбаган Түркия Украинанын жеринин бүтүдүгүн жана эгемендигин колдойт.



Тектеш кабарлар