Түштүк жана Түндүк Корея менен БУУнун жетекчилери жолугушту

Түштүк Корея жана Түндүк Корея бул айдын башында Аскерден тазаланган аймакта  кургактыктагы миналарды тазалоону баштаган.

1069971
Түштүк жана Түндүк Корея менен БУУнун жетекчилери жолугушту

Түштүк жана Түндүк Корея менен АКШнын жол башчылыгындагы БУУнун күчү жетекчилери, эки Кореянын ортосундагы аскердик аймактын куралсыздандырылышын сүйлөшүү үчүн Панмунджом айылында жолугушту.

Йонхапта берилген кабарга караганда Түштүк Кореянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта аскердик жетекчилер жана БУУнун күчү жетекчилери катышкан жыйында Аскерден тазаланган аймакта улантылып жаткан миналардын тазаланышы жана аймактын куралсыздандырылышы сыяктуу темалардын сөз болгондугу билдирилди. Маалыматта орток коопсуздук аймагынын куралсыздандырылышы жана чек ара коргоочуларынын алынышы сыяктуу темалардын үч тараптуу иш алып баруу жыйынынын негизинде колго алынгандыгы белгиленди.

Түштүк Корея жана Түндүк Корея бул айдын башында Аскерден тазаланган аймакта  кургактыктагы миналарды тазалоону баштаган.

Аскерден тазаланган аймак  ичинде жана тегерегинде 2 миллионго жакын кургактык минасынын бар экендиги болжолдолууда.



Тектеш кабарлар