Израиль аскерлери 19 палестиналыкты камоого алды
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат – бат тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Израиль аскерлери басып алган Батыш Шерианын ар башка аймактарында 19 палестиналыкты камоого алды. Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Батыш Шеринанын түрдүү аймактарында түнү жүргүзүлгөн операцияларда «террордук кыймылдарга аралашты» деген негиз менен камоого алынган палестиналыктарды тергөөгө алуу үчүн аймактагы камоого алуу борборуна жиберилгендиги билдирилди.
Басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста үйлөрдө бат – бат тинтүү жүргүзгөн Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда.
Палестина туткундар жамаатынын маалыматына караганда Израиль абактарында араларында аялдар менен балдар да болгон 6 миңге жакын палестиналык бар.
Израиль «административдик камоо» деп аталган камоолор менен палестиналыктарды чалгындоо кабаларларына таяндырып 1 – 6 ай арасында камоого алууда. Камала турган кишинин : «Израилдин коопсуздугу үчүн коркунуч туудурууда»,- деген чечимдин чыгарылышы менен аскердик сот түздөн түз камоо мөөнөтүн 5 жылга чейин узарта алат.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.