Венгрия - Украина кризиси

Венгрия да бир Украина консулдугун өлкөдөн чыгарат.

1063151
Венгрия  - Украина кризиси

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Питер Сжижарто : «Украинанын чечимине жооп катары Венгрия да бир Украина консулдугун өлкөдөн чыгарууда»,- деди.

Питер Сжижарто жоопкерчилигин кыянаттыкка колдонду деген негиз менен бир венгер башкы консулу «кааланбаган киши» деп жарыялаган Украинага бул өлкөнүн Будапешттеги элчилигинде  иштеп жаткан бир консулду өлкөдөн чыгарып жооп беришерин айтты.

Сжижарто өткөргөн пресс  - жыйынында өлкөсүнүн бардык коңшулары менен жакшы карым  - катнаш курууга аракет кылгандыгын жана Украина тарабынан «кааланбаган киши» деп жарыяланган венгер дипломаттын мыйзам тышы иш аткарбагандыгын ортого салды.

Украинанын Будапешт элчисинин министрликке чакырылгандыгын жана консулдун 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетүү чечиминин өзүнө билдирилгендигин белгилеген Сжижарто : «Украинанын чечимине жооп катары Венгрия да бир Украина консулун өлкөдөн чыгарат»,- деди.

Сжижарто өзгөчө өлкөсүнүн Украинада жашаган венгер азчылыгынын укуктарын коргоону улантарын да белгиледи.

Украинада венгерлер көп жашаган Берехове шаарында иш алып барган Венгрия башкы консулдугунан венгер жарандыгын алган кишилер үчүн уюштурулган ант берүү аземинин жашыруун камера менен тартылып, 20 -  сентябрда социалдык медиада бөлүшүлүшү эки өлкөнүн ортосунда кризистин чыгышына себеп болгон.

Украинанын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Венгриянын Берехово башкы консулунун «кааланбаган киши» деп жарыялангандыгын белгилеп, 72 сааттын ичинде өлкөдөн чыгып кетиши билдирилген.



Тектеш кабарлар